Караколдогу ипподром Дене тарбия жана спорт агенттигине өткөрүлөт

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Каракол шаарынын ипподромун баланстан баланска өткөрүү жөнүндө” өкмөттүн буйругуна кол койду. Документ Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан республикада ат спортун мындан ары жайылтуу жана Каракол шаарында жайгашкан ипподромдун пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Өкмөттүн билдиришинче, 2008-жылы Каракол шаардык ипподрому сатылган, бирок соттук териштирүүлөрдөн кийин Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген. Объектинин жалпы аянты 44,76 гектар.

"Ипподромдун Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балансынан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлүп берилиши спортчулардын улуттук ат спорту боюнча даярдык сапатын жакшыртууга, аймакта ат спортун өнүктүрүүгө, ат спорту боюнча иш-чаралардын өткөрүлүш сапатын жогорулатууга шарт түзөт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан