2015-жылдын март айында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары 8 миллиард 47 миллион 171 миң сомду түздү. Бул тууралуу 3-апрелде Каржы министрлигинен билдиришти. Мунун ичинен эмгек акыга 1 миллиард 872 миллион 800 миң сом жумшалды.
"Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 1 миллиард 400 миллион 869 миң сом, "калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 503 миллион 120 миң сом, "имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча 616 миллион 172 миң сом каржыланганы айтылды.
"Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды",- деп билдирет министрлик.