Ишкерлер көптөгөн текшерүүлөр боюнча башкы прокурор Индира Жолдубаевага арызданышты

Бүгүн, 3-апрелде Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү прокуратура, укук коргоо органдары жана УКМК тарабынан жүргүзүлгөн көптөгөн текшерүүлөр боюнча башкы прокурор Индира Жолдубаевага арызданышты.
Аталган уюмдун өкүлдөрүнүн айтымдарында, ишкерлерде топтолгон нааразычылык саясий мүнөзгө айланышы мүмкүн. "Ар бир курулуш компаниясында 100дөй адам иштейт. Ар бир жумушчу бештей адамды багат. Текшерүүлөрдөн улам иш токтоп калууда. Ишкерлерге жасалган жасалма тоскоолдуктар бир канча убакытка созулуп, акча каражатты да кыскартууда. УКМК, прокуратура жана милициянын бизди текшерүүгө укугу жок. Бирок булар Бишкектин Башкы архитектура мекемеси аркылуу жумушубузду токтотушууда",- дешти ишкерлер.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан