Индира Жолдубаева ишкерлерге: "Пара талап кылса, арыз жазгыла"

Бүгүн, 3-апрелде Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов менен жолугушту. 

"2010-2011-жылдары курулушту баштаган компаниялар дагы деле объектилерин бүтүшө элек. Буга таңсыктык жана мыйзамдардын коллизиясы себеп болууда. Бир эле документти алыш үчүн бир нече мамлекеттик мекемелерге баруу керек. Мындай учурда "Мамлекет экономиканын өнүгүшүн каалайбы?" деген адилеттүү суроо туулат. Учурдагы мыйзамдар мезгилдин талаптарына жооп бербейт. Ар кандай жолдор жана макулдашуулар менен көйгөйлөрүбүздү чечип жатабыз",- дешти ишкерлер.

Башкы прокурор макулдашуулар боюнча токтолуп, "Эгер пара талап кылса, эмнеге арыз менен кайрылбайсыңар?" деп суроо берди. Жолдубаеванын айтымында, 2014-жылы курулуш тармагында 118 текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу менен иш жүргүзүү фактысы боюнча 20 кылмыш иши козголгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан