Кубанычбек Кулматов: "Биз шаардагы талаптагыдай эмес курулуштарды токтотуп салат элек, бирок экономикага зыян"

Бүгүн, 3-апрелде курулуш тармагында иш жүргүзгөн ишкерлер менен жолугушууда Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов борбор калаада туура эмес курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун токтотуп салууга даяр экенин билдирди.

"Айрым учурларда силер чектен чыгып жатасыңар. Мэрияга бир долбоор менен уруксат алууга келесиңер, анан иш жүзүндө башка долбоор менен алектенесиңер. Үйдү өзүңөр каалагандай куруп жатасыңар. Бүгүнкү күнү бир топ үйлөрдүн курулушун токтотууга даярбыз. Биз муну жасашыбыз керек. Мисалы, 8 кабаттуу болчу үй 16 кабаттуу болуп курулууда. Же формасы "Г" тамгасына окшош үй төрт бурчтуу болуп курулуп жатат. Биз мындай курулуштарды токтотуп салат элек, бирок экономикага зыяны тиет",- деди мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан