Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 2015-жылдын 8-9-апрелдеги жыйындарынын күн тартибин бекитти. ЖКнын маалымат кызматына таянсак, 8-апрелде Жогорку Кеңеш "Экологиялык экспертиза тууралуу" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "КРнын Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана башка мыйзам долбоорлорун карайт.
Ал эми 9-апрелдеги жыйынында "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киризүү жөнүндө", "Аскердик абал жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киризүү жөнүндө", "Жарнама жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлорун карамакчы.