Президент Алмазбек Атамбаев Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбалдянды кабыл алды

3-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген Армения Республикасынын Тышкы иштер министри Эдвард Налбалдянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Армениянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун маселелери талкууланды. Ошондой эле А.Атамбаев менен Э.Налбалдян өлкөлөрдүн экономикалык интеграциянын процесстерине катышуусунун алкагында өз ара аракеттенүүсүнүн перспективасын талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан