Оппозициячылар 11-апрелде Жалал-Абадда курултай өткөргөнү жатышат

11-апрелде Жалал-Абад шаарында Улуттук оппозиция кыймылы курултай өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде кыймылдын уюштуруу тобу жарыялады.

Маалыматка ылайык, иш-чарада “Кумтөр” алтын кени, электр энергиясынын кымбаттоосу, люстрация мыйзамын киргизүү, энергетика тармагы жана "кримтөбөл" А.Батукаевге байланыштуу маселелер талкууланмакчы. Уюштуруучулар курултайга катышууга өлкөнүн президентин, премьер-министрди, Жогорку Кеңештин төрагасын жана 5 парламенттик фракция лидерлерин чакырарын баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан