Президент Токтогул райондук сотунун төрагасын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасы Дөөлөтбек Бекишов кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаевдин кол койгонун бүгүн, 4-апрелде президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматтан бошотууга Д.Бекишовдун ден соолугуна байланыштуу судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүүгө жөндөмсүздүгү себеп болду.
Айта кетсек, жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан