Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Рашид Мередовду кабыл алды

Бүгүн, 4-апрелде президент Алмазбек Атамбаев өлкөгө расмий сапар менен келген Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу, регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында өз ара аракеттенишүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылы Түркмөнстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы, анын ичинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгү дагы каралды. Андан тышкары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун үстүбүздөгү жылы кыргыз өлкөсүнө жооп иретиндеги расмий сапарына даярдык көрүүнүн жүрүшү дагы талкууланды.

Мамлекет башчы жогорку деңгээлдеги сапар кыргыз-түркмөн мамилелерин тереңдетүүгө жаңы дем берерине токтолуп, бардык деңгээлдеги ырааттуу байланыштардын зарылчылыгын баса белгиледи. Ал эми Рашид Мередов президент Алмазбек Атамбаевге Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жолдогон саламын жеткирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан