Токтогул ГЭСинин кубаттуулугун жогорулатууга Азия өнүктүрүү банкы 110 миллион доллар бөлөт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 6-апрелдеги жыйынында кыргыз мамлекети менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. II фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин айтымында, аталган долбоордун жалпы наркы 250 миллион долларга бааланууда. "Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу 110 миллион долларын түзмөкчү. Бул акча каражаты Токтогул ГЭСиндеги ар бир агрегаттын кубаттуулугун 60 мегаваттка жогорулатуу менен аны реконструкциялоого жумшалат",- деди Калиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан