Малайзияда кулаган тик учактан каза болгон 6 адамдын бири Айдана Байзиева аттуу кыргыз жараны экени аныкталды. Бул тууралуу 6-апрелде кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ал эми Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги Айдана Байзиеванын Малайзиянын Малакка штатында жашаган эжеси Луиза Байзиева менен байланышты. Маалым болгондой, бүгүн туугандары менен биргеликте А.Байзиеванын сөөгүн таануу боюнча иштер жүргүзүлөт. Андан кийин сөөктү Малайзияга коюу же кыргыз жерине алып келүү маселеси чечилет.
Кошумчалай кетсек, бул кырсыктан тик учакта болгон 6 адамдын баары каза табышкан. Алардын арасында өлкөнүн жергиликтүү аткаминерлери бар болгон. Ошондой эле тик учактын учкучу АКШнын жараны, калган 4 адам Малайзиянын жарандары экени белгилүү болду. Алар Малайзиянын премьер-министринин кызынын тоюнан кайтып келе жатышканы да аныкталды (Малайзиянын премьер-министринин кызы Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын өгөй баласына турмушка чыккан).