Тармактык комитет мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети өлкөдөгү жайыттарды жана мал чарбачылыгынын жамааттык башкаруу жагын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорун талкууга алды. 

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, бул мыйзам долбоордун максаты жайыт пайдалануучулардын бирикмелери жана алардын аткаруу түзүмдөрү берген кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу аркылуу жайыттарды жана мал чарбачылыгын жамааттык башкарууну жакшыртуу болуп саналат.

“Долбоор 2015-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде ишке ашырылмакчы. Долбоор Чүй жана Талас облустарын камтыйт. Анын болжолдонуп жаткан наркы 15 миллион долларды түзөт. Бул каражат Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан берилиши күтүлүүдө”,- деди Керималиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан