6-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору жактырылды.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк өлкөнүн жайыттарын жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү багытында жалпысынан 15 миллион доллар каржы бөлөт. Анын ичинде 6,75 миллион доллары гранттык, 8,25 миллион доллары жеңилдетилген насыя болуп саналат.
Талкуу жүрүшүндө жайыттар өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык ижаралык негизде башка өлкөлөрдүн убактылуу пайдалануусуна бериле турганы белгилүү болду. Мисалы, кыргыз жайыттары мурда коӊшу Өзбекстан менен Тажикстанга берилип келген, азыр ал келишимдердин мөөнөтү бүткөн, келишим мөөнөттөрү узартыла элек.