Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 7-Апрель
революциясында каза болгондорго арналып Бишкекте мечит курулууда. Курулуш
иштери бүгүн, 6-апрелде башталганын президенттик аппараттан билдиришти.
Бул үчүн мамлекет башчы Бишкектин 7-кичи районундагы жеке менчигинде турган
үлүшүн берди. Курулуш иштерин баштоо иш-чарасынан кийин президент Апрель
революциясында каза болгондордун жакындары, окуянын катышуучулары жана коомдук
уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.