“Урматтуу дене тарбия, спорт кызматкерлери, спортчулар, машыктыруучулар жана окутуучулар!
Сиздерди Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү жана өлкөнүн башкы спорттук уюмунун 90 жылдык мааракеси менен куттуктайм!
Мындан 90 жыл мурда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө алгачкы мамлекеттик орган - Жогорку дене тарбия кеңеши түзүлгөн, анын жолун жолдоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болуп калды.
Бул жалпы элдик майрам. Анткени спорт улуту, дини жана саясий көз караштары ар түрдүү болгон адамдарды, дене тарбия менен спортко кайдыгер карабагандарды, сергек жашоо мүнөзүн алып жүргөндөрдү бириктирет.
Дене тарбия жана спорт адамдарга ден соолук, күч-кубат, сулуулук, жакшы ой жүгүртүүнү берет. Адамдын эркин, мүнөзүн калыптандырып, ар бир адамдын жашоо-турмушунда болуучу оорчулуктарды жеңип чыгууга үйрөтөт.
Улуттун саламаттыгы бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп саналат. Биз мамлекеттикти бекемдөө менен дене тарбияга жана спортко көбүрөөк көңүл бурушубуз зарыл. Башкы максатыбызга - күчтүү, гүлдөп-өнүккөн кыргыз мамлекетин куруу үчүн мамлекетибизге ден соолугу чың, күч-кубаттуу адамдар керек!
Бардыгыңыздарга чың ден соолук, жигердүүлүк жана көз карандысыз кыргыз өлкөсүнүн даңкын алыска чыгарууда жеңишке жетүү үчүн эрктүү болууну каалайм!"
Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 6-апрелди дүйнөдөгү бакубаттуулук жана өнүгүү үчүн Эл аралык спорт күнү катары жарыялоосу тууралуу резолюциясын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын 11-январындагы №18-токтому аркылуу 6-апрелди Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү деп белгилеген.