Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиянын ортосундагы "Кызматташтык жөнүндө" башкы макулдашуу ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев "2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия падышалыгынын ортосундагы "Кызматташтык жөнүндө" башкы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 18-мартында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабия тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн башкы макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы тууралуу кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан