Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитети 6-апрелде Ысык-Көлдө көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйында комитет мүчөлөрү Ысык-Көлдүн эс алуу зонасына жарандардын эркин баруу мүмкүнчүлүгү тууралуу токтомдун жана мыйзамдын долбоорун жергиликтүү тургундар менен биргеликте талкуулашты. Депутат Данияр Тербишалиевдин айтымында, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан бардык сейил бак-эс алуу аймактарын эркин пайдаланууга жана ал жакка ээн-эркин кирип-чыгууга Кыргыз Республикасынын ар бир жараны укуктуу. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өкмөт мүчөлөрү андай жерлерге тосмо орнотуу бир да ченемдик-укуктук акты менен негизделбегенин, бул мыйзамдуулукка каршы келерин маалымдашты.
Өз кезегинде курорттук-эс алуу мекемелеринин өкүлдөрү тосмо орнотуунун себептери тууралуу маалымат беришти. Алар коопсуздук маселелерине, санитардык ченемдердин сакталышына жана жергиликтүү калктын баккан малы пансионаттардын аймагына кирип кетип жатканына байланыштуу тосмо коюуга мажбур болушууда. Комитет мүчөлөрү тартип сактоо маселеси Ички иштер министрлиги менен кошо жергиликтүү калк менен алдын алуучу иштерди жүргүзүү аркылуу чечилиши керек экенин белгилешти.
Отурумдун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Ысык-Көлдүн бардык жээк тилкесиндеги эс алуу зоналарына эркин жана акысыз кирүү боюнча жергиликтүү тургундардын укугун камсыз кылууга багытталган токтомдун долбоорун жактырышты.