"7-Апрель окуясында эл байлык үчүн эмес, адилеттүүлүк үчүн ок алдында турган",- деп билдирди мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде "Ала-Тоо" аянтында 7-Апрель окуясын эскерүү иш-чарасында сүйлөп жатып.
"2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуянын зор мааниси, эрдиктин бийиктиги жылдар өткөн сайын так көрүнүп бара жатат. 7-Апрель окуясы канча мезгил өтсө да унутулбайт. Тескерисинче, жылдан-жылга өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болгон жигиттерибизди элестетип, жаңы муундарга дем берет. Ошол күнү 88 жаран курман болгон. 5 жылдын ичинде алган жаракаттардын кесепетинен ондогон жигит көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этебиз!"- деди өлкө башчы.