Бүгүн, 7-апрелде "Ала-Тоо" аянтында 7-Апрель окуясын эскерүү иш-чарасында президент Алмазбек Атамбаев мурунку бакиевдик режим мамлекетти түбөлүк башкарууну каалаганын сынга алып, төмөндөгүлөрдү айтты:
"Мурунку бийлик ишкерлерди, депутаттарды, журналисттерди өлтүргөнүн жана бийликке каршы чыккандарды куугунтуктаганын унутпайбыз. Митингдерди өткөрүүгө ипподромдо гана аттардан кийин уруксат бергенин унутпайбыз. Өлкө башчылыкка мураскор кылып Курманбек Бакиевдин уулун даярдап жаткандыгын унутпайбыз. Өлкөнү башкарып жаткан үй-бүлө түбөлүк бийликте болууну каалаган. Биздин эл кандай катаал адамдарды бийликтен кетиргенин унутпашыбыз керек".