Алмазбек Атамбаев: "Биздин өлкө бардык дүйнөлүк лидерлердин урматтоосуна татыктуу болду"

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде "Ала-Тоо" аянтында 7-Апрель окуясын эскерүү иш-чарасында Европа өлкөлөрүнө жасаган иш сапары тууралуу баяндап, айрым өлкөлөр башынан өткөргөн кыйынчылыктарды кыргыз мамлекетиндеги кырдаал менен салыштырды.
"Дүйнөдөгү ири мамлекеттерде революциялар болуп жатканын баарыбыз билебиз. Тилекке каршы, революциядан кийин бул өлкөлөрдө экономика начарлап, инфляция жогорку деңгээлге жетти. Кыргыз мамлекети деле 5 жыл ичинде абдан оор сыноолордон өттү. Эгер Украинадагы кырдаалды биздикине салыштырсак, 2010-жылдын 7-Апрель окуясынан 2 айдан кийин түштүктө реваншисттик күчтөр улуттар аралык кагылышууну уюштурууга аракет жасашты. Буга карабай биз революциянын негизги жетишкендиктерин сактап калдык. Биз эркин жарандардын мамлекетин куруп жатабыз, светтик демократиялык мамлекетти куруудабыз жана парламенттик башкарууну сактайбыз. Биздин өлкөдө эң күчтүү жарандык коом бар".
Мамлекет башчы Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен жылуу маанайда сүйлөшүүлөр болгонун кошумчалады. "Евробиримдиктин лидерлери, Европа мамлекеттеринин башчылары мени жылуу тосуп жатышты. Биздин өлкө бардык дүйнөлүк лидерлердин урматтоосуна татыктуу болду. Буга Роза Отунбаеванын салымы зор. Ал (Отунбаева) өлкөнү эң оор мезгилде жетектеген. Бир столго чогултууга кыйын болгон адамдарды жетектегенге анын алы жетти",- деди Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев: "7-Апрелдин шейиттери - кыргыз элинин Данколору"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан