Депутаттар “Кумтөр” маселесин чечүүдө өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүштү

Бүгүн, 7-апрелде Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында "Кумтөр" боюнча парламент токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда. Отурумда комитет төрагасы Кожобек Рыспаев "Кумтөр" маселесин чечүүдө өкмөттүн аракетине ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрдү. Ошондой эле Рыспаев өкмөттүн аталган маселени чечүү боюнча жумушун "канааттандырарлык эмес" деп табуу боюнча маселени комитетке сунуштады. "Жогорку Кеңеш өкмөткө "Кумтөр" маселесин чечүүгө кыйла убакыт берди, ар кандай варианттарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Өкмөт бул багытта пайдалуу иш алып барган жок",- деди Рыспаев. Талкуу уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан