Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 7-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.
2015-жылдын 18-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бул мыйзамдын максаты мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул мыйзам менен "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-майындагы №69-мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.