Вице-премьер-министр Валерий Диль Бүткүл дүйнөлүк банктын Орто Азия боюнча регионалдык директору Сарож Кумар Жа менен өлкөнүн энергетика маселесин талкуулады. Ошондой эле тараптар энергетика багытындагы долбоорлорго колдоо көрсөтүү жана 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү маселелерин карашты.
Валерий Диль энергетика системин күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштери учурда ийгиликтүү жүрүп жатканын белгиледи. “Өкмөт алдыдагы күзгү-кышкы мезгилдерге даярданууда тобокелчилик кылуудан чыгууга аракет кылууда. Өткөн жылдан сабак алып, биз кыштын биринчи суугуна чейин даярданууну азыртадан баштоону каалап жатабыз”,- деди Валерий Диль.
Жыйынтыгында Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлү банк өлкөнүн энергетика системин реализациялоо боюнча долбоорлорго жана 2015-2016-жылдын жылытуу учурларына даярданууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.