Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп Амангелди Мурзалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 8-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрдин мурдагы орун басары Марат Калиев 6-мартта ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүүгө арыз жазып, кызматтан кеткен болчу.