Жогорку Кеңеш 8-апрелде жеке менчик бала бакчаларды салыктан бошотууга багытталган мыйзам долбоорун 3-окууда карап жатат.
Демилгечи депутат Майрамбек Расуловдун айтымында, балдардын мектепке чейинки мекемелеринин жетишпегендиги курч маселе катары турууда. "Бүгүнкү
күнгө карата өлкө боюнча 62 менчик бала бакча иштеп, 4288 баланы
гана камтыйт. Бул мекемелер бир баланы окутууга айына 4 миң сомдон 15 миң сомго чейин акча каражат алышат. Ал эми бюджетте акча жоктугунан 2014-жылы өлкөдө болгону 1 мамлекеттик бала бакча курулган. Ошондуктан жеке менчик бала бакчаларды салыктан бошотсок, баалар арзандап, мындай мекемелер көбөйөт",- деди Расулов.