Депутат Дастан Бекешев жеке менчик бала бакчаларды салыктан бошотууга каршы

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңеште жеке менчик бала бакчаларды салыктан бошотуу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат. Талкууда депутат Дастан Бекешев мындай демилгеге каршы чыкты. "Жеке менчик бала бакча айына мамлекеттик бюджетке 3 миң сом төлөйт экен. Ал эми мен баламды бала бакчада окутууга ай сайын 200 доллар төлөйм. Ал мекемеде 35 чакты бала тарбияланат. Демек, менчик бала бакча бир айда 7 миң доллар табат. 3 миң сом салык төгүп, бул мекеме жакыр болуп кетпейт",- деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан