"Бала бакчалар салыктан бошотулса, бала бакча салуунун чоң бизнеске айланып кетүү коркунучу бар" дейт депутат Жумабеков
Өлкөдөгү жеке менчик бала бакчаларды салыктан бошотуу демилгеленүүдө. Буга байланышкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш бүгүн, 8-апрелдеги жыйынында үчүнчү окууда талкуулады. Айрым депутаттар менчик бала бакча салуунун чоң бизнеске айланып кетүү коркунучу бар экенине тынчсызданышты. "Салыктан бошотконубуз менен, бирок мекемелер тарбия акысынын баасын төмөндөтпөйт. Ошондуктан бул жагын да карап коюш керек. Анткени салыктан бошотулгандан кийин менчик бала бакча салуунун чоң бизнеске айланып кетүү коркунучу бар",- деди депутат Дастан Жумабеков. Демилге 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.