Өлкөдө 600 миң бала балдар бакчасына барбайт. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Калмаматов билдирди.
Анын айтымында, бул маселени чечиш үчүн мектептердин имаратында бала бакчаларды ачуу керек. "Мамлекеттин бир жылда бир бала бакча салганы уят. Ошондуктан бала бакчалардын санын көбөйтүү үчүн мектеп салынып жатканда 4-5 бөлмөнү ашыкча салып, ал жерди бала бакча катары пайдалансак болот", - деди Калмаматов.
Өкмөт өкүлү өлкөдө мектеп менен бала бакчанын 30га жакын биргелешкен имараты бар экенин айтты.