Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңеште унаа токтотуучу жайларга байланыштуу мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат. Жыйында депутаттар "Аламүдүн" базарынын жанындагы автоунаа токтотуучу жайлар унаа ээлеринен акча алып жаткандыгына нааразы болушту. Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов аталган базардын жанындагы унаа токтотуучу жайлардын акча алуусу мыйзамсыз экенин билдирди.
Анын айтымында, аталган аймакта мэрия рейд уюштурганда, акча чогулткандар тарап кетишет. "Биз күнүгө рейд жүргүзө албайбыз. Каралып жаткан мыйзам кабыл алынса, базардын жанына унаа токтотуучу жай курулуп, тартип орнотулат",- деди мэр Кулматов.