Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Төрага жолугушууда мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана парламенттик демократияны өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жаткан саясат, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган реформалар тууралуу айтты. “Кыргыз Республикасы парламенттик демократияны тандап алганына беш жыл болду. Кыйынчылыктар жана анча-мынча кемчиликтер бар, бирок биз бул жолду бирдиктүү күч менен улантышыбыз керек”,- деди Жээнбеков. Ошондой эле коррупцияга каршы көрүлүп жаткан чараларга, диний кырдаал жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштерге учкай токтолду. Мындан сырткары өлкөнүн энергетикалык жана транспорттук-байланыш тармагындагы көз карандысыздыгын камсыздоого багытталган ири долбоорлордун аткарылып жатканын, коопсуздукту сактоо максатында Аскер доктринасы кабыл алынганын эске салды.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары социалдык жана экономикалык маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле "Сары-Жаз", "Трудовое", "Лесистый" сыяктуу кендерди иштетүү тууралуу сөз болду.
Жыйынтыгында жергиликтүү кеңештин депутаттары айткан маселелерди чечүү боюнча министрликтерге тапшырмалар берилди.