Жогорку Кеңеш 8-апрелде жеке жана юридикалык жактардын банктык аманаттарынын сакталышын жакшыртууга, депозиттик каражаттарды төлөп берүү тартибин ыраатташтырууга багытталган “Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап, анын концепциясын биринчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.
Улуттук банктын берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору жеке жана юридикалык жактардын банктык аманаттарынын сакталышына берилүүчү кепилдиктерди бекемдөө максатында иштелип чыккан. Эгер банк ар кандай тобокелчиликтерден же каржылык каатчылыктардан улам кудуретсиз болуп калса, ал жарандардын же юридикалык жактардын депозиттик каражаттарын төлөп берүүгө тийиш. Андан сырткары депозиттерди төлөө мөөнөтү азыр 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылууда.
Талкуу жүрүшүндө мурда банктагы аманаттарды коргоо ишине көзөмөл Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө агенттиги тарабынан жүргүзүлүп келсе, азыр ал милдет Улуттук банкка жүктөлүп жатканы белгилүү болду.