Эртең Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселеси каралат

Эртең, 9-апрелде "Кумтөр" маселеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев билдирди.
Анын айтымында, эртең керектүү документтер даяр болору күтүлүүдө. "Жогорку Кеңеш жана эл "Кумтөр" боюнча өкмөттүн чечимин күтүп жатат. Бул маселени күн тартибинин "ар кандай маселелер" бөлүгүнөн кийин кароого туура келет",- деди депутат.
Айта кетсек, кечээ, 7-апрелде Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети "Кумтөр" боюнча парламент токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын укту. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар "Кумтөр" маселесин чечүүдө өкмөттүн аракетин "канааттандырарлык эмес" деп табышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан