Кичи ишкерлердин отчётун ай сайын эмес, квартал сайын алуу демилгеси сунушталды

Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында Салык кодексине өзгөртүү киргизүү же кичи ишкерлерге жеңилдик берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору чакан ишкердик менен алектенгендер үчүн ыңгайлуу болот. Социалдык камсыздандыруу боюнча отчётту ай сайын эмес, ар бир квартал сайын алуу нормасы сунушталууда.

Белгилей кетсек, өкмөт каршы пикирин билдирип, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинен колдоо тапкан эмес. Өкмөт отчёттуулук мөөнөтү узартыла турган болсо, пенсиялар менен жөлөк пулдарды төлөө кыйын болуп каларын билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан