"Социалдык фонддун 2015-жылкы бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу 8-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.

2015-жылдын 19-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджетин кирешелер боюнча 40 093 449,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 39 984 594,2 миң сом суммасында, профицити 108 855,2 миң сом суммасында бекитет.

Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан