Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Марс Исманов каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары 2015-жылдын 18-февралынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 8-апрелде кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.