Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Токой жана мергенчилик чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парк кызматкерлеринин айлык акы шарттары жөнүндө” өкмөттүн токтомуна кол койду.
Документтин максаты - токой жана мергенчилик чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парк кызматкерлеринин айлык акы шарттарын жакшыртуу, алардын жоопкерчилигин күчөтүү, тармакка жаш адистерди тартуу үчүн алардын статусун жогорулатуу.
"Аталган кызматкерлердин айлык акысы республика боюнча эң төмөнкү деп эсептелип, бардык кошумчаларды эсептегенде, орточо 2500дөн 3000 сомго чейин жетет. Учурда төмөнкү айлык жана кызматкерлердин социалдык жактан начар корголуусуна байланыштуу кесипкөй кадрлардын кетүүсү күчөп, жаштардын ишке келүүсү татаалданууда. Натыйжада бул республикадагы экологиялык коопсуздукту камсыздоонун начарлашына алып келүүсү мүмкүн",- деп билдирет өкмөт.
Өзгөртүүлөргө ылайык, аталган мекеме кызматкерлеринин айлык акысы бардык кошумчаларды эсепке алганда, орточо 2 эсеге жогорулатылат.
Мындан тышкары токтом аркылуу кызматкерлерге карата квалификациялык талаптар, алардын эмгек стажын орнотуу тартиби, иштеген жылдары үчүн айлык акысына пайыздык кошумчаларды эсептөө, окумуштуулук даражасы жана КРнын мыйзамдарына жараша бийик жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн кошумча акы төлөө, өзгөчө эмгек шарты үчүн кошумча төлөмдөр каралмакчы.
Ошондой эле аталган мекеме жетекчилерине жыл жыйынтыгы боюнча үнөмдөлгөн каражаттарды өз эмгегин сапаттуу аткарган кызматкерлерге шык берүү максатында багыттоо укугу берилген. Дем берүүчү акы көлөмү аталган кызматкерлердин эки айлык маянасынын көлөмүнөн ашпоосу тийиш экени айтылды.
Токтом 2015-жылдын 1-майында күчүнө кирет.