Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эристина Кочкарова Бишкек шаарында Георгий лентасынын ордуна Кыргыз Республикасынын желегинин түсүндөй лентаны колдонуу боюнча Бишкек мэриясынын демилгесине каршы чыкты.
"Бул демилге коомчулукта ар кандай түшүнүктөрдү жаратышы мүмкүн. Бирок Улуу Ата Мекендик согушта кыргыз жарандары да курман болушкан. Улуу Жеңиш бир элдин, бир өлкөнүн жетишкендиги болгонун унутпашыбыз керек",- деди Кочкарова.
Төрага Асылбек Жээнбеков мэриянын демилгесин саясатташтырбоого чакырды. "Биздин өлкөбүздө ар бир жаран өз оюн эркин айтууга укуктуу. Мисалы, мага Жеңиш күнүндөгү ленталардын түсү мекенимдин желегинин түсүндөй болгону жагат. Мэриянын демилгесинде эч кандай терс нерсе жок. Мындан саясат издебеңиздер",- деди Жээнбеков.