Социалдык фонд: "Айрым катмардагы адамдардын пенсиясына 40 миң сомго чейин үстөк төлөмдөр кошулган"

Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңеште өлкө жарандарын пенсия менен камсыз кылууну жакшыртууга жана социалдык акыйкаттыкты орнотуу максатында иштелип чыккан бир катар мыйзам долбоору каралып, алардын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ал үчүн “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “КРнын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы мезгилде жарандардын пенсия өлчөмү кескин айырмаланып тургандыгынан улам калк арасында пенсия өлчөмү жаатында социалдык акыйкаттыкты орнотуу талабы коюлуп келет. “Айрым катмардагы адамдардын пенсиясына кошула турган үстөк төлөмдөрдүн өлчөмү өтө чоң, арасында 40 миң сомго чейин кошулган жарандар бар. Чындыгында, мынчалык айырма социалдык акыйкаттыкка жатпайт. Ошондон улам пенсия көлөмүн кайрадан оптималдаштыруу чаралары сунушталууда”,- деди Абылгазиев.

Жыйын жүрүшүндө "Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн" категориясындагы 2631 пенсионер бар экени, алардын орточо пенсия өлчөмү 15 556 сомду түзө турганы, бул багытта ири көлөмдөгү каражат жумшалып жатканы белгилүү болду. Эгерде ал категориядагы жарандардын үстөк төлөмдөрү алынып салынса, жылына 20 миллион сомго чейин каражат үнөмдөлөт. “Андан сырткары пенсияга чыккан судьялардын үстөк төлөмдөрүн да алып салуу чарасы сунушталууда. Ал эми буга чейин пенсияга чыккандар мурдагы өлчөмдө ала беришет”,- деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан