"Бардык өкүл балдар менин өкүл баламдай болсо, жакшы болмок",- деп билдирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиевди эмне себептен кызматтан алганын түшүндүрүп жатып. "Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев бир айга кызматтан четтетилип, төраганын милдетин аткарууга Азаматбек Абдыбеков дайындалган. Абдыбеков менин өкүл балам экенин айтып жатышат. Ооба, мен муну танбайм, Абдыбеков - менин өкүл балам. Бирок ал кызматтык карьерасын өзү жасады. Мыйзамда өкүл балдарга чектөө жок, бирок бул жерде моралдык жак бар. Ошондуктан мен Абдыбековдун ордуна аталган мекеменин статс-катчысын бекиттим",- деди Оторбаев.
Эскерте кетсек, бүгүн, 9-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатканы үчүн кызматтан алынгандыгын айткан.