Депутаттар добуш берүүдө адашып, бир мыйзам долбоорунун ордуна башка мыйзам долбоорун четке кагып алышты

Бүгүн, 9-апрелде парламент жыйынында депутаттар мыйзам долбоорлоруна добуш берип жатып, адашып бир мыйзам долбоордун ордуна башка мыйзам долбоорун четке кагып алышты. Муну байкаган депутат Дастан Бекешев кайрадан добуш берүүнү суранганда, төрага Асылбек Жээнбеков кайра добуш берүүгө киргизүүдөн баш тартып, Жогорку Кеңештин Депутаттык этика жана регламент боюнча комитетине кайрылуу керектигин айтты.
Ал эми депутат Данияр Тербишалиев Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерин күнөөлөсө, төрага депутаттарды калыс болууга чакырып, өздөрүн айыптады. Жыйынтыгында депутаттар бул маселени комитеттерде чечип, четке кагылган долбоорду кайра парламенттин добуш берүүсүнө алып келүү чечимине келишти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан