Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин карап жатат. Өкмөт башчы
Жоомарт Оторбаевдин "мурунку сунушталган эки вариант тең өлкөбүзгө пайдасыз, мен үчүнчү вариантты сунуштайм" деген пикири депутаттар арасында нааразычылык жаратты. Депутат
Максат Сабиров:
"Үчүнчү вариант дегени болбогон нерсе. Ушунча убакыттан бери сүйлөшүү жүргүзүп келип, эми башка жол менен кетели деген таптакыр туура эмес. Буга чейинки чыгымдарды ким төлөйт анда?"- деп билдирүү менен өкмөттүн жоопкерчилигин кароону кошумчалады.
Өкмөт парламент койгон тапшырманын аткарылышы боюнча жооп берерин, эгер аткара албаса, толук курамда отставкага кетиши керектигин айтат.