Гезиттердеги жарнамаларды эки тилде чыгарууга тыюу салынууда. Буга байланышкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 9-апрелдеги жыйынында кабыл алды.Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктуна өзгөртүү киргизилет. Анда "мезгилдүү басылмалардагы жарнама басылма чыгарылган тилде гана берилиши керек" деген маани камтылган. Андан сырткары жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча башка тилдерде чыгаруу нормасы каралган.
Ал эми мурдагы талап көчөдөгү көрнөктөргө, телеканалдардагы жарнамаларга кала берет. Себеби аларда көлөм чектелбейт.