Президент Алмазбек Атамбаев 9-апрелде Германия Бундестагынын вице-президенти Йоханнес Зингхаммерди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-германдык кызматташуунун маселелери, ошондой эле парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн абалы жана перспективасы талкууланды. Кыргыз мамлекетинде парламентаризмди өнүктүрүү жана демократиялык институттарды бекемдөө маселелерине дагы көңүл бурулду.
Мамлекет башчысы менен Бундестагдын вице-президенти кыргыз мамлекети менен Германиянын ортосундагы мамилелердин ыкчам өнүгүүсүн, саясий, парламенттер аралык жана ведомстволор аралык байланыштардын активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Жолугушууда Алмазбек Атамбаевдин Германияга жасаган расмий сапарынын, анын алкагында эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жаңы дем берген Германиянын жогорку жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдүн мааниси баса белгиленди.
Мамлекет башчы кыргыз жерине колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия менен саясий диалогду мындан ары тереңдетүүнүн, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн зарылчылыгын белгиледи.