"Кумтөрдү" улутташтырсак, кыргыз тарапка караганда "Центерра" катуу жапа чегет",- деп билдирди депутат Феликс Кулов Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында. Жыйында “Кумтөр” маселеси боюнча парламенттин чыгарган 6 токтомунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда.
Куловдун айтымында, "Кумтөр" кенин улутташтыруу варианты "Центерра" ишканасынын репутациясына терс таасир берет. "Ооба, "Центерра" менен соттошобуз. Сот 5-6 жылга созулушу мүмкүн. Улутташтыруудан бизге жаман болушу күтүлөт. Бирок "Центерра" соттолгондон кийин кантип иштейт? Ким ага ишенет? Ошол эле учурда сот иштери жүрүп жатканда "Кумтөр" иштей берет, мамлекеттик бюджетке миллиард доллар түшөт",- деди Кулов.
Андан соң депутат кесиптештерин премьер-министрди колдоого чакырды.