Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги отурумунда депутаттар экономика министри Темир Сариевге премьер-министр болууну сунушташты. Депутаттар "Кумтөр" боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатып министр Сариевге кайрылып, "Сиз премьер-министр болуп, "Кумтөр" маселесин чече аласызбы?"- деп сурашты. Сариев сунушту четке каккан жок. "Премьер-министр болушумду парламент чечет",- деп жооп кылды ал.
Андан соң Сариев "Кумтөр" маселесин чечүүнүн жолдорун айтып берди. "Кумтөр" экономикалык маселеден саясийге айланды. Ошондуктан бирдиктүү саясий позиция керек. Өкмөт өз позициясын айтты. Улутташтыруу - бул чоң жоопкерчилик. Улутташтыргандан кийин "Кумтөрдү" иштетип кетүүгө каражат табышыбыз керек",- деди министр.
Мындан тышкары ал үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү боюнча да жеке пикирин айтты. "Мындай вариант тууралуу дагы сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз керек. Эгер "Центерра" буга макул болбосо, башка жолдор бар. Мисалы, "Центерранын" жетекчилигин алмаштырып, кенде иш жүргүзүүнү биздин мыйзамга которуу",- деди Сариев.