Президент өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин жаңы кийим формасынын эскиздери менен таанышты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 9-апрелде өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын жаңы аскер кийим формасынын эскиздери менен таанышты.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, иш-чара аскердик реформаны жүргүзүүнүн этаптарынын бири болуп эсептелет. Көрсөтүлгөн эскиздерди президент жактырып, андан ары ишти алып баруу боюнча тапшырманы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысына жана коргоо министрине тапшырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан