ЭлТР телеканалынын Профсоюз уюму телеканалдын башкы директорунун милдетин аткаруучу Максуда Айтиевага 3 талап коюшуп, талаптар 3 күндүн ичинде аткарылбаса, кызматкерлер иш таштоого барышарын жарыялады.
Профсоюз уюму Айтиеванын бир катар автордук программаларды жоюп, мамлекеттик телеканалдын багытын бузганын билдирүүдө. Талаптардын биринде: "Мамлекеттик телекөрсөтүү дегендин маани-максатын, телеканал жүргүзүп келген зор элдик, улуттук жана мекенчилдик ишти түшүнбөгөн, Мекенди коргоочулар күнү, Аялдардын эл аралык күнү, 17-Март, 24-Март, 7-Апрель окуялары боюнча бир да өздүк продукция даярдабай, аларга саясий саботаж катары мамиле жасаган жаңы жетекчи жана жооптуу кызматкерлер кызматтан бошотулушу керек",- деп айтылат.
Максуда Айтиева айтылган айыптоолорго макул эмес. Анын билдиришинче, бул иштин башында телеканалдын башкы директорунун орун басары Бейшенбек Бекешов турат.
"Биринчиден, мен кызматка дайындалгандан кийинки 2 айдын ичинде телеканалдын көрсөтүүлөрү, анын сапаты боюнча анализ жүргүздүм. "M-Vector`дун" жыйынтыгын карадым, жыйынтык жакшы эмес, начар. Медиаэксперттер менен талкуулар болду. Туура, көрүүчүлөрдү тарта албаган айрым программалар токтотулду. Мындай реформаны каалабаган кызматкерлер болушу мүмкүн, бирок санариптик берүүгө өткөнү жаткан соң телеканалдын берүүлөрү коомчулукту кызыктыра ала турган деңгээлде болушу керек.
Экинчиден, телеканалда коррупциялык схемалар иштеп, көптөгөн акчалар жеке чөнтөктөргө түшүп келген. Бейшенбек Бекешов баш болгон айрым адамдар ошол эски схемаларды жоюуга каршы чыгышты. Бул эми кадимки, классикалык көрүнүш да. Реформа бардык эле адамдарга жага бербейт. Мамлекетте коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө, биздин телеканал да коррупцияга каршы көрсөтүүлөрдү даярдап келет. Анан өзүбүздөгү коррупцияны көрмөксөн болуп коюуга моралдык укугум жок.
Үчүнчүдөн, мен иштеген 8 айда телеканалда тартип орноттум, баш аламандыкты токтотууга аракет кылып жатам. 10 күндө же 20 күндө бир жолу жумушка келип коюп, маяна алып жүргөн кызматкерлер болгон, аларды кетирдим",- дейт SUPER.KG порталына Максуда Айтиева.
Бүгүн Профсоюз уюмунун чогулушу болору, анда коюлган талаптар талкууланары айтылды.