“Катуу сабалып, зордукталды” делген 2 жаштагы бала өз алдынча эч нерсе кыла албайт, бирок жакында ооруканадан чыгат. Муну бүгүн, 14-апрелде SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдардын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
Анын айтымында, наристе учурда өзүн жакшы сезип калганы менен, өз алдынча эч нерсе кыла албай жатат. Оозуна тамак салса жутат, бирок өз алдынча кашык кармай албайт. Ошондой эле күн сайын майыптар арабасында отуруп, таза аба жутканга чыгарылат. “Анын ооруканадан чыкчу убактысы келди. Азыр аны атасына же апасына берүү боюнча маселе каралып жатат. Андан кийин бала такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Анын абалы алдыда кандай болуп өзгөрө турганы боюнча айта албайм. Майып болуп калат деп да айтканга болбойт”,- деп кошумчалайт Т.Өмүрбеков.