ЭЛДИК КАБАР: Өлкөнүн түштүк аймагында эрте себилген өсүмдүктөр чыгып калды (фото)

Өлкөнүн түштүк аймагында эрте себилген өсүмдүктөр чыгып калды. Бул тууралуу Куштарбек аттуу окурман бүгүн, 14-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурмандын билдиришинче, Аксы районунун Кызыл-Жар айылында себилген дарбыздар чыгып, учурда 25 сантиметрдей өсүп калды. 
Дагы бир окурман Баткен облусунун Кадамжай районунда эрте эгилген картошкалардын сабагы 15-20 сантиметрге жетип калганын билдирди. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан